• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Сейтек соода түйүнүндөгү өрт чектөөгө алынды

Коом 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Бишкектеги Ош базарынын аймагындагы Сейтек соода түйүндөгү өрт саат 12:28де чектөөгө алынды. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, ж​еринде өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт.

Эскерте кетсек, борбор калаада бүгүн, 30-январда саат 09:48де алдын ала алынган маалымат боюнча Ленин районунун Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:48де КР ӨКМнин Ленин райондук №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:55те КР ӨКМнин Ленин райондук №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:55те КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 09:58де Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпысынан 8 бөлүм тартылды.

Ошондой эле жеринде куткаруучулар тобу иштеп жатат .

Пикир

Оставить комментарий