• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мектептин чатыры жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин чатыры жаңыртылып, шаардын вице-мэри Элдос Таев баштаган атайын комиссия курулушту кабыл алды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, аталган мектептин чатырынан бир топ жылдан бери суу өтүп, окуучулардын билим алуусуна ыңгайсыздык жаратып келген.

Курулушка жергиликтүү бюджеттен 6 млн сомдон ашуун акча каражаты сарпталды.

Белгилей кетсек, аталган мектепте 1700 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий