• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-январдан тарта Бишкектин Орозбеков, Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. 13-январдан тарта Бишкек шаарынын Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Белгиленгендей, Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү түндүктөн түштүккө карай бир тараптуу болсо, ал эми Орозбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки тилкеси түштүктөн түндүккө карай бир тараптуу болмокчу.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болгон.

Эскерте кетсек, жалпысынан Бишкек шаарынын 8 көчөсүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.



.

Пикир

Оставить комментарий