• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 67,2 миң тонна үрөн керектелсе, анын 56 миң тоннасы топтолду, башкача айтканда бул 83,3%ды түзөт.

Жетпеген үрөндөр Россиядан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация системасы аркылуу 2020-2023 жылдары 30 пайыз арзан баада 7,7 миңден ашык дыйкан 10 миң тонна үрөн алышкан. Учурда жалпы аянттын 30%ын ата-мекендик сорттор ээлейт.

"Үрөн чарбалар сертификатталган үрөндөргө болгон жалпы муктаждыктын 15-20 % өндүрөт. Бүгүнкү күндө 50% жүгөрү, 100% кант кызылчасынын үрөнү жана 90%дан ашык жашылча үрөнү импорттолот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте экспорттук потенциалды арттыруу максатында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жүгөрү, буурчак, беде, пахта, жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий