• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 13-15-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМ тарабынан 2017-жылдын 9-июнь күнү №02-34/403-Т телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий