• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу чечими кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жылдыруу чечими чыгарылды. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Жыйында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча кошумча чаралар каралган.

Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын сунуштары эске алынып, 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө КР премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

КР өкмөтүнө Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

"Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий