• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда энергетика объектилеринде селге каршы иш-чаралар жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын энергетиктери жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучунун алдын ала баштады.

Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, селге каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу өзгөчө кырдаалдардын коркунучун азайтууга, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Планга ылайык төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:

Көмөкчордондордо:
- көмөкчордондордун айланасында дренаждык каналды куруу;
- учурдагы дренаждык жана сел каналдарын тазалоо;
- ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн кабелдик каналдарын тазалоо;
- дренаждык түтүктөрдү жана арыктарды тазалоо;
- механикалаштырылган жана кол менен казуу.

Электр линияларында:
- селди алдын алуу иш-чараларын текшерүү;
- тирөөчтөрдү коргоо жана тосуу;
- дарыянын нугун буруу;
- тирөөчтөрдү түздөө жана банкеткалоо.

Селге даярдык көрүү иштери жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугун камсыздоо органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий