• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

22-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Эртең, 22-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Эртең түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23 градус болот.

Эртең, 22-августта Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий