• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери караңгы түндөн тартып митингчилердин артынан тазалап жатышат.

"6-октябрга карата Бишкекте жалпы 821 кызматкер, 55 атайын техника тартылган. Таштандылардын көлөмү эсептелинет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэриянын алдындагы башкы кызматтар дагы штаттык режимде иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий