• 88.68
  • 95
  • 0.95

№1 тергөө абагынан Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев бошотулду

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. №1 тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев бошотулду. Аларды бошотуп жаткан видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Эскерте кетсек, Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучу болушат.

Буга чейин камактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана башка саясатчылар бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий