• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Теңир-Тоо ынтымагы" коому Нарындагы ооруканага 100 беткап жана 130 литр дезинфекциялык каражаттарды тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. "Теңир-Тоо ынтымагы" коому Нарындагы ооруканага 100 беткап жана 130 литр дезинфекциялык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Нарын облусунда медицина кызматкерлерин керектүү жабдуулар, коргонуучу каражаттар менен жабдуу аракети көрүлүп жатат. Бул боюнча облус жетекчилиги тарабынан эл аралык уюмдарга, коомдук фонддорго, жеке демөөрчүлөргө кайрылуулар жолдонгон.

"1-апрелде "Теңир Тоо ынтымагы" коому тарабынан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кызматкерлерине 100 даана респиратордук беткап, көз айнек жана атайын коргонуучу кийимдер, 130 литр дезинфекциялык каражаттар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий