• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Канжыга, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий