• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: 18-октябрдан баштап дагы 30 автобус линияга чыгат

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан тарта дагы 30 автобус линияга чыгат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча каттайт.

Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын талабы боюнча муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жеке компаниясына тейлөө үчүн өткөрүлүп берилди.

"Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:

- № 21-каттам: Биримдик конушу - Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;

- №46-каттам: Дордой базары - Эне-Сай конушу - Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;

- 34-каттам: Шоро фирмасы - Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий