• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан 28 жаштагы журналист каза болду

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан 28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова каза болду.

“Кабар” агенттигине борбордук автоинспекция кызматы кабарлагандай, 10-февралда түнкү саат 02:00дөр чамаларында Ахунбаева көчөсү боюнча батышты көздөй жүрүп бара жаткан “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу Кырк-кыз көчөсү менен кесилиште башкарууну жоготуп, алдыдагы тоскоолдукту сүзүп калган. Унааны 1987-жылы туулган Т.Т.Н. аттуу жаран башкарып бара жаткан.

Кырсыктын натыйжасында 1991-ж.т. Т.Ж.Т. аттуу айдоочунун жубайы окуя болгон жерден каза болгон.

Айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча баардык чогултулган материалдар шаардык милициянын жол кырсыктары боюнча тергөө кызматына жиберилген. Териштирүү иштери жүрүүдө.

Жайнагүл Тазабекова 28 жашта болчу. Ал Кыргыз-түрк Манас университетинде Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган. "Ала-Тоо 24", "Пирамида" телеканалдарында "Санжыра", "Биринчи радио" радиолорунда эмгектенген.

“Кабар” маалымат агенттиги журналисттин жакын туугандарына, досторуна жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий