• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБде өзгөчө кырдаалдын алдын ала машыгуу иштери жүргүзүлдү - Боронов

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын алдын ала машыгуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте республиканын күз-кыш мезгилине даярдыгын талкуулоонун жүрүшүндө белгиледи.

Анын айтуусунда, былтыркы жылдагыдай ЖЭБде кырдаал кайталанбашы үчүн машыктыруу иштери жүргүзүлдү. “Ар бир чоң тутумга бирден адис аныкталган”, - дейт Боронов.

Депутат Сайдулла Нышанов эгер былтыркыдай кырдаал кайра түзүлсө ким жооп берет деп сурады.

К.Боронов бул жерде жооп берчү адамдар так аныкталган деди.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын ЖЭБде авария болуп, кыштын кыраанында борбордун жашоочулары жылуулуксуз калган.

Пикир

Оставить комментарий