• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто маркум элчи Батырали Сыдыков эскерилип, китебинин бет ачары болду

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Батырали Сыдыковдун “Өмүр дастаны” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, китеп автор көзү өткөндөн кийин жарыкка чыкты. Китептин бет ачарына Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, автордун санаалаштары, ардагерлер жана студенттер катышты. Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов Батырали Сыдыковдун басып өткөн жолу жана тазалыгы жаштарга үлгү экендигине токтолду.

Батырали Сыдыков 1939-жылы туулган. Союз убагында компартиянын жооптуу кызматтарында иштеген. 1990-жылы Ош облусунун губернатору, 1995-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, 2001-жылы “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн социомаданияттык модели” аталышындагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2001-жылдын декабрь айынан тарта Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп дайындалып, 7 жыл жетектеген. Бир канча сыйлыктардын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий