• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын ардагерлери Баткенге акчалай колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын ардагерлери Баткендеги чек ара жаңжалында өрттөлгөн милициянын аймактык пунктуна 86 миң сом акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пункт Максат айылында жайгашып, Лейлек РИИБдин Кулунду аймактык милиция бөлүмчөсүнө карайт.

Акчалай каражат Жалал-Абад областынын аймагында жашаган ички иштер органдарынын ардагерлери тарабынан Баткенге колдоо көрсөтүү максатында чогултулган. Топтолгон каражатты Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Сузак РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакиров, жана ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы подполковниги Аззам Ниязбаевдер тапшырды.

Ички иштер органдарынын ардагерлери милиция кызматкерлерин патриоттуулукка чакырып, алардын иштерине ийгиликтерди каалап, ак баталарын берди.

Өз кезегинде Лейлек РИИБдин Кулунду аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны Жеңиш Орозалиев Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлерине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Максат айылындагы милициянын аймактык пункту чек ара чырында талкаланып, учурда өздүк курам тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий