• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жеңил конструкциядагы өз алдынча курулган 7 объект бузулду

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Ошто жеңил конструкциядагы өз алдынча курулган 7 объект бузулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомствонун Ош облусу боюнча архитектуралфк-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районундагы Ош - Алай жолундагы кызыл сызыкка чыгып кеткен ар кандай максатта өз алдынча курулган женил типтеги 7 курулуш объектерин аныктады.

КР мыйзамдарында каралган чараларга жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштерге ылайык, аныкталган ар кандай багыттагы жана өз алдынча курулган курулуштар буздурулуп, мурдагы калыбына келтирилди.

Эске салсак, Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынан жарандардын арыздарынын жана прокуратура органдарынан түшкөн КР мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу жазма эскертүүлөрүнүн негизинде жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында такай иш жүргүзүлүп жатат.

Уруксатсыз объектилердин тизмеси:

№ п/п

Курулуштун аталышы

Ээсинин аты жөнү

Эскертүү

1.

«Жибек-Жолу» дүкөнү

Каримов Д.

Женил типтеги курулуш

2.

«Береке» дүкөнү

Махамаджан

Женил типтеги курулуш

3.

«Акжол» дүкөнү

Мирзахид

Женил типтеги курулуш

4.

«Биште» маркети

Мирлан

Женил типтеги курулуш

5.

«Строй двор Сарай» маркети

Максат

Женил типтеги курулуш

6.

«Кадыр-Ата» металл базасы

Улан

Женил типтеги курулуш

7.

«Уй эмерек» дүкөнү

Данияр

Женил типтеги курулуш

Пикир

Оставить комментарий