• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: "Сорос-Кыргызстан" фонду дары-дармектерди берди

Аймак 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. "Сорос-Кыргызстан" фонду Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына дары-дармектерди тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан облуска 3 миллион сомдук дарылар келди.

Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, жети облустун биргелешкен ооруканаларынын бардыгына ушундай жардам берилип жатат. “Пандемиялык абалдан чыгуу үчүн 600 миң долларлык долбоор түзүлгөн. Жети облуска 16 миллион сомдук эң зарыл делген дарылар алынып, белгиленген даректерге тапшырылып жатат”, - деп кошумчалашты фонддун өкүлдөрү.

Пикир

Оставить комментарий