• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды

Аймак 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кадамжай районунда мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылынын 48 жаштагы тургуну Д.Тнын жашаган үйүнүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Бул факты Баткен ОИИБге каттоого алынган жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал "опиум" экендиги аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий