• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы аптада COVID-19дун жаңы 10 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен эки бейтап ооруканага жаткырылган, сегизи амбулатордук дарыланууда. Маалыматта Кыргызстандын бардык облусу "жашыл зонада" экендиги айтылат.

2022-жылдын 11 ай жана 11 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 806 учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий