• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда электр кубатынын суткалык керектөөсү 70 млн кВт саатка жетти

Экономика 0

Бишкек, 12.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда электр жарыгынын суткалык керектөөсү 70 млн кВт саатка жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр ушул эле убакытта электр жарыгынын суткалык керектөөсү 55 млн кВт саатка болсо, быйыл 15 млн кВт саатка көп болду.

“Кечки маалда электр энергиянын керектөөсүнүн максимуму 3 миң 350 мегаватт саат болууда. 2021-жылы 3 миң мегаваттан ашкан эмес эле. Кыш өткөн жылга салыштырмалуу суук болууда. Бирок биздин системабыз жайкы мезгилде даярдыктан өткөн. Алгачкы суук түшкөндө мүчүлүштүктөр болду: Токтогул ГЭСиндеги агрегаттардын ишке кириши. Бүгүнкү күндө ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаты ишке кирип, мурунку кубаттуулугу 300 мегаватт болсо, азыр 374 мегаваттка чыкты”, - дейт ал.

Байгазиев Бишкек ЖЭБинде көмүрдүн көлөмү 114 миң тонна экенин айтып, өткөн жылга караганда 25 тоннага аз экенин билдирди.

“Анткени көмүрдү ЖЭБге эмес, биринчи кезекте элге жеткирип жатабыз. Бүгүн-эртеңден баштап ЖЭБге көмүр жеткире баштайбыз. Баары план боюнча жүрүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий