• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров кытайлык CNEEC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China National Electric Engineering (CNEEC) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, CNEEC өкүлдөрү экологиялык маселелер жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча негизги министрликтер менен консультацияларды өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий