• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө оор жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде “Ауди С4” жана “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгон адамды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий