• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комсомол көлмөсүнө чөгүп кеткен жигит каза болду – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Комсомол көлмөсүнө чөгүп кеткен жигит каза болду, – деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-августта 2001-жылы туулган Б. уулу Б. аттуу эркек киши Комсомол көлмөсүнө чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.

"Бүгүн саат 07:35те маркумдун сөөгүн суудан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий