• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ок жүрөк, өпкөнү аралап өткөн. Дарыгер каза болгон жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын айтты

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы кызматкерине тийген ок денесин тешип өткөн. Бул тууралуу дарыгер Сабырбек Жумабеков КТРКга берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, түндө ооруканага атайын даярдыктагы бөлүктүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип түшкөн. Алардын арасында оор жаракат алгандар болгон.

"22 жаштагы атайын багыттагы кызматкерге тийген ок алдынан кирип артынан чыккан. Ок жүрөк, өпкөнү аралап өткөн экен. Октун өзүн көргөн жокпуз. Бирок ок алдынан кирип артынан чыккан тешик бар. Ал бизге оор абалда келген. Көкүрөк көңдөйүндө 3 литр кан топтолуп, ал операция маалында каза болду", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий