• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өтүп, эвакуация жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өтүп, жарандарды эвакуация жүрүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам саат 20:04тө Ак-Татыр а/а Орто-Боз айылынын тургундарын Баткен районунун Рават айылына көчүрүү иштери башталды.

Ошондой эле Жака-Өрүк, Ак-Татыр а/а Үч-Дөбө, Самаркандек а/а, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына көчүрүлүүдө.

Баткен шаарынын Ленин атындагы, Ж.Бөкөнбаев атындагы жана №3 мектептеринин имараттары 300 жаранды кабыл алууга даяр.

Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары Лейлек районунундагы туугандарына жеке унаалар менен эвакуацияланууда.

КР ӨКМдин Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрү «СБОР» сигналы боюнча көтөрүлүп, калкка түшүндүрүү жана эвакуациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 КамАЗ, 1 Спринтер, Ак-Сай айылынын тургундарын эвакуациялоого 12 куткаруучу жөнөтүлдү. Баткен районунун автотранспорт кызматынан дагы Ак-Сай айылынын элин эвакуациялоо үчүн 5 Спринтер жөнөтүлдү. Ошондой эле Достук айылына 4 Спринтер.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий