• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ГЭС-2 айылындагы жарылуудан пенсионер жана өспүрүм жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон жарылуудан 2 адам жабыркап, бирөө каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 79 жаштагы П.Г. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда ал алдын ала текшерүүдөн өтүүдө. Дагы бир жабыркаган 16 жаштагы Ш.Х. шаардык тез жардам балдар ооруканасына жаткырылды.

Алдын ала маалыматка караганда, турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган.

Пикир

Оставить комментарий