• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте аялы күйөөсүн балта менен өлтүрдү

Кырсык 0

Ош, 30.11.18. /Кабар/. Лейлек районунун Арка-2 айылында аял өзүнүн күйөөсүн балта менен өлтүрдү. Бул маалыматты Баткен облусунун милициясынан тастыкташты.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 25-ноябрда 50 жаштагы аял күйөөсү менен спирт ичимдигин ичкен. Экөө уруша кетип, аялы күйөөсүн балта менен урган. 51 жаштагы киши алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, аял психикалык жактан оорулуу болгон.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий