• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арачылары кайрадан ок атышты

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-мартында саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда кайрадан атышуу болду.

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде тажик чек ара отряды унаа жолдон өтүп бараткан унааларга таш ыргыта башташкан.

Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек ара отрядынын унааларга таш ыргытууну токтотуу талабына көңүл бурушкан эмес. Алар тажик аскерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу үчүн асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

Бул учурда Тажикстандын ушул аймакта кызмат өтөп жаткан дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара отряддарынын ортосунда атышуу башталып, ал 20 мүнөттөй созулуп, саат 03:10до аяктаган.

Кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жабыркагандар жок.

Чыр-чатактын мындан ары курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүштү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган КР УКМКнын ККК бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Эске салсак, 10-март күнү эртең менен саат 10:50 чамасында Баткен районунун Тескей аймагындагы такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара отряды нөөмөт учурунда мурда колдонулган маршрутту өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы линиясына өтүшүп, КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачыларын бул тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан. Алар сан жагынан артыкчылыгын пайдаланып, жаңы чекке чыгууга аракет кылышкан. Бирок кыргыз чек арачылары тажик аскерлеринин ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада ок атышуу башталган. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий