• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте поезд 18 жаштагы баланы сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бишкекте поезд 18 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган К.Б. аттуу жаран жакындап келе жаткан поезддин үнүн укпай калган. Поезддин айдоочусу (машинист) токтотууга аракет кылган, бирок бул кырсыкты алдын алууга жардам берген эмес.

К.Б. ооруканага жеткирилип, бирок ал эсине келбей алган жаратынан улам каза болгон.

Аталган факт Свердлов РИИБне катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий