• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер көчкөн аймакка "өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, элдер көчүрүлүшү мүмкүн

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад шарына жана Сузак районуна "өзгөчө кырдаал" режимин киргизүү жана жашаган жарандарды эвакуациялоо маселелери каралып жатат,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылында жер көчүп, Көк-Арт дарыясынын суусун жаап калган.

“Эгер жер көчкүнү суу жарып кетсе, жакын жайгашкан калктуу конуштарга суу каптоо коркунучу бар”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий