• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тамактануучу жайдан ири өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бишкекте тамактануучу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын Ленин районундагы Бакаев көчөсүндө жайгашкан алдын ала маалымат боюнча чайканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта 3 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган. Өрт саат 11:33дө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий