• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда кыргызстандык өспүрүм бычактан жаракат алган

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Россиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жабыркаган адам Кыргызстандын 14 жаштагы С.О.И. аттуу жараны экендиги аныкталган.

Учурда Москва облусунун укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Өспүрүм дарыгердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий