• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маданият министри Азамат Жаманкулов Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө барып, жазуучунун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен жолукту.

Алгач министр Түгөлбай Сыдыкбеков 1953-1997-жылдар аралыгында жашап өткөн (Раззаков көч., 21) тарыхый үйдүн ичиндеги сакталып калган жеке боюмдары, эмгектери жана китепканасы менен таанышты.

Таанышууунун жүрүшүндө Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков үйдүн тарыхы жана алдыда жасала турган иш аракеттери тууралуу айтып берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов 2022-жылы Т. Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын айтып, жазуучунун китептерин санарипттөө, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү үй-музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Жолугушууда залкар жазуучунун уулу менен бирге Т. Сыдыкбековдун чыгармаларынын толук жыйнагын басып чыгарууга демилгечи жана түзүүчү болуп иш алып барып жаткан Алихан Ибраимов да катышты.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

1928–1931-жылдары Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаарындагы) Айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтун аяктаган.

1931–1936-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-ж.ж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-ж.ж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т. Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий