• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда өткөрүлгөн «Лидер» рейдинин жыйынтыгында 7 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Чүй облусунда өткөрүлгөн «Лидер» алдын алуу рейдинин жыйынтыгы чыкты.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чара 2022-жылдын 9-11-февраль күндөрү болуп өттү.

Рейдге Чүй облусунун 340тан ашык милиция кызматкерлери, ошондой эле билим берүү мекемелеринен, балдар менен иштер боюнча комиссиясынын, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Рейддин жүрүшүндө Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 7 кылмыштын бети ачылды. Дайынсыз жоголгон 6 бала табылды. Мектепке профилактикалык каттоого 28 бала алынган. 9 бала аш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды. Билим берүү мекемелерине барбаган 18 бала аныкталган.

Ачылган ар кайсы фактылар боюнча 40 материал ар кайсы органдарга жөнөтүлгөн. Ошондой эле 101 алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп өткөрүлдү, атап айтканда, ата-энелер чогулушу – 44, тегерек стол – 10, башка иш чаралар– 47.

Пикир

Оставить комментарий