• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек - Ош жолунда карга тыгылып калган жүк ташуучу унаа чыгарылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бишкек - Ош жолунда карга тыгылып калган оор жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында MAN автоунаасы жолдон чыгып, карга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Жардамга аталган унаа жолдун 238-чакырымындагы "Итагар" кар көчкү станциясында жайгашкан Таш-Көмүр шаардык куткаруу кызматынын “КамАЗ” автоунаасы жана үч куткаруучу тартылып, куткаруу иши ийгиликтүү аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий