• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкызматкерлердин санариптик билимин жогорулатууга багытталган окуулар башталды

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин арасында санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү боюнча окуу программасы башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы төрт топтун окуусу 17-апрелде башталды, анын курамына Бишкек жана Нарын шаарларында иштеген кызматкерлер кирген. Тренинг гибриддик режимде өтүп, ага Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 1500 адис катышат.

Окуу программасы Microsoft Office, маалыматтарды талдоо, санариптештирүү принциптери, IT долбоорлорду башкаруу, киберкоопсуздук, маалыматтардын купуялыгы жана жасалма интеллект боюнча темаларды камтыйт.

Мамлекеттик кызматкерлердин санариптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган иш-чара «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун алкагында демилгеленип, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшөт.

Окууларды КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Борбордук Азия университети менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий