• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токио Олимпиадасындагы кыргызстандыктардын оюндарга чыгуу графиги

Спорт 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Токио Олимпиадасындагы кыргызстандыктардын оюндарга чыгуу графиги менен тааныштырабыз. Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат.

Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле.

Оор атлетика

Бекдөөлөт Расулбеков 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Расулбеков 2021-жылдын 31-июлунда 96 кг салмакта катышат (11:50 Япония убактысы) (8:50 Бишкек убактысы).

Жалпы 15 спортчу ушул салмака катталган. А жана B тайпаларына бөлүштүрүлөт.

Эркин күрөш

1. Эрназар Акматалиев 1998-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Эрназар Акматалиев 2021-жылдын 6-августунда 65 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

2. Айаал Лазарев 1986-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Лазарев 2021-жылдын 5-августунда 125 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Грек-рим күрөш

1. Жоломан Шаршенбеков 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Шаршенбеков 2021-жылдын 1-августунда 60 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

2. Акжол Махмудов 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Махмудов 2021-жылдын 2-августунда 77 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

3. Атабек Азизбеков 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Азизбеков 2021-жылдын 3-августунда 87 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта каталган.

4. Узур Жусупбеков 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Жусупбеков 2021-жылдын 2-августунда 97 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Аялдар күрөшү

1. Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген спорт чебери. Тыныбекова 2021-жылдын 3-августунда 62 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

2. Мээрим Жуманазарова 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Жуманазарова 2021-жылдын 2-августунда 68 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

3. Медет кызы Айпери 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Медет кызы Айпери 2021-жылдын 1-августунда 76 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы).

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Дзюдо күрөшү

Владимир Золоев 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Золоев Владимир 2021-жылдын 27-июлунда 81 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)

Жалпы 64 спортчу ушул салмакта катталган.

Сууда сүзүү

Денис Петрашов 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Петрашов Денис 2021-жылдын 24-июлунда брасс 100 метр аралыкта катышат (20:55 Япония убактысы) (17:55 Бишкек убактысы)

Жалпы 50 спортчу каталган.

Ошондой эле Петрашов 2021-жылдын 27-июлунда брасс 200 метр аралыкта катышат (19:50 Япония убактысы) (16:50 Бишкек убактысы). Жалпы 40 спортчу катталган.

Фехтование

Роман Петров 1991-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Петров Роман 2021-жылдын 25-июлунда шпага түрү боюнча катышат (09:30 Япония убактысы) (6:30 Бишкек убактысы)

Жалпы 36 спортчу катталган.

Жеңил атлетика

1. Дарья Маслова 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Маслова 2021-жылдын 7-августунда 42 км “Марафон” аралыкта катышат (07:00 Япония убактысы) (4:00 Бишкек убактысы)

Жалпы 88 спортчу катталган.

2. Нурсултан Кеңешбеков 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Кеңешбеков 2021-жылдын 3-августунда 5000 м аралыкта катышат (20:00 Япония убактысы) (17:00 Бишкек убактысы) жана 6-августунда финалдык аралыкта (21:00 Япония убактысы) (18:00 Бишкек убактысы).

Жалпы 43 спортчу катталган.

Пикир

Оставить комментарий