• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР волейболчулары Казакстанда өткөн мелдеште жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 12.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын “Спартак” ардагерлер клубу Тараз шаарында (Казакстан) өткөн волейбол боюнча ардагерлер арасындагы мелдеште жеңишке жетишти.

КР волейбол федерациясынан кабарлашкандай, мелдеште Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50 жаштан жогорку оюнчулардан турган 8 команда катышкан.

“Биздин өлкөнүн атынан машыктыруучу Николай Фаустовтун жетекчилиги астында “Спартак” командасы катышты”,-деп айтылат маалыматта.

Командалар өз ара эки топко бөлүнүп, “Спартак” топтук баскычта Шымкент, Алматы жана Тараздын курамаларын уткан. Ошентип кыргыз курамасы жарым финалга чыкканга мүмкүнчүлүк алган.

Жарым финалда “Спартак” командасы Алматынын курамасын уткан.

Жыйынтыктоочу оюнда кыргызстандык спортчулар Тараздын “Ардагер” командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий