• 88.68
  • 95
  • 0.95

2-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28 жана Нарын облусунда +25...+30 градус болору күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +33...+35, Ош шаарында +34...+36 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий