• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 2 миңден ашуун адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 21 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 958, Алматы шаарында – 345, Шымкент шаарында – 18, Акмоло облусунда – 65, Актөбе облусунда - 63, Алматы облусунда - 62, Жетысу облусунда – 75, Атырау облусунда - 13, Чыгыш-Казакстан облусунда –20, Абай облусунда – 25, Жамбыл облусунда – 41, Батыш-Казакстан облусунда – 32, Караганда облусунда – 150,Улытау облусунда – 20, Костанай облусунда - 20, Кызылорда облусунда – 38, Мангистау облусунда – 15, Павлодар облусунда - 41, Түндүк-Казакстан облусунда – 14, Түркстан облусунда – 6 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 354 миң 615 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий