• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендин Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш ишинин жүрүшүнөн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кабар алды.

Учурда оорукананын имаратынын курулушунун биринчи этабы башталып, керектелүүчү курулуш материалдары камсыздалууда.

Белгилей кетсек, ооруканын курулушуна президенттин фондунан 97 млн 467 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ошондой эле облус башчысынын биринчи орун басары жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн да жеринен угуп, айтылган маселелердин чечүү жагы караларын билдирген.

Облустук өкүлчүлүктөн бейтапкананын курулушу президент Садыр Жапаровдун атайын чечиминин негизинде башталгандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий