• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

18-августка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 14-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

14-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 14-августта күндүз Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

16-августта түнкүсүн болсо Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан,кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-16-август күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан кошумчалашкандай, 19-20-август күндөрү тоолуу райондордо туруксуз аба ырайы сакталып турат, жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий