• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка чакыртылган эмес. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок.

"Айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. М. Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таш жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары гана өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий