• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош базарында бейтааныш адамдын телефонун уурдап кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкек шаардык кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына О.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Ош базарынын аймагынан белгисиз жаран жашыруун түрдө арыздануучунун 18 миң сомдук "Редми нот8" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлик кылып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты Ленин райондук ИИБге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталган.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБнын биринчи шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

"Шектүү КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, Ленин райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын ТИЗО-1ге эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулду", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий