• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында уюшкан кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, “Дордой” соода-базары комплексинин (СБК “Дордой”) аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстан Республикасынын базарларына жүк ташуучу оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган.

Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Н.А.Ж. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий