• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Токтогулда жергиликтүү тургундүн үйүнөн 25 кг баңгизат табылды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Токтогулда жергиликтүү тургундүн үйүнөн 25 кг баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизат милиция жергиликтүү тургундун баңгизат сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат алгандан кийин Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. аттуу жашоочусунун үйүн тинтүүгө алган учурда табылган.

Сарайда жерге кургатылган кара куурайдын өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү чөп табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 кг марихуананы түзгөн.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери баңги кылмышынын мүмкүн болуучу катышуучуларын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий