• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. "Оперативдүү" бажысынын кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Түркиядан "Ч.Т." ЖЧКнын дарегине товар коштоочу документтерине ылайык, пластмассадан жасалган үй буюмдары импорттолгон. Жүктүн жалпы салмагы 8585 кг түзгөн. Бирок, текшерүү учурунда декларацияланбаган пластмассадан жасалган комоддор табылган.

Иштин жагдайлары такталганга чейин унаа жүгү менен убактылуу сактоочу кампага коюлган.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий