• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «кайнене-келин» жарышы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Баткен шаарындагы Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «кайнене-келин» жарышы болуп өттү.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чараны Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты, Баткен райондук хатибияты, «Адеп башаты» диний уюму жана «Муаз Ибн Жабал» медресеси биргеликте уюштурган. .

Жарышта 15 кайнене, 15 келин ат салышты. Программанын алкагында катышуучулар буга чейин окуу үчүн жарыяланган «Мусулман үй-бүлө» китебинен тест тапшырып, он мүнөттүн ичинде кайнене-келин биргеликте салат жасап беришти.

«Иш-чаранын негизги максаты кайнене-келиндердин ортосундагы мамилени, ынтымакты чыңдоо жана китеп окууга кызыгуусун арттыруу болуп саналат», – дейт Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Уулкан Дүйшеева.

Кеченин соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучулардын бардыгына кызыктыруучу белектер жана казыят тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий